НУРПЕИСОВ КАЙРАТ АЙТМУХАМБЕТОВИЧ Казакстандын Кыргызстандагы Атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси

1957-жылы 21-сентябрда төрөлгөн, Павлодар педагогикалык институтун, Алма-Ата эл чарбасы институтун бүтүргөн.

Профессионалдык ишмердүүлүгү.

Эмгек жолун 1975-жылы Павлодар станциясынын локомотивдик депосунда слесарь болуп баштаган.

1979-1980 –жылдары ЛКСМ Ермаков шаардык комитетинин Секретары.

1982-1990 – жылдары Павлодар финансылык башкармылыгынын мамлекеттик киреше бөлүмүнүн башкы экономисти, башкы ревизор-инспектору, бөлүм башчысынын орун басары.

1990-1998 – жылдары Павлодар облусунун Салык башкармалыгынын жетекчисинин орун басары, жетекчиси, Салык комитетинин төрагасы.

1998-1999 – жылдары Казакстандын Энергетика, индустрия жана соода-сатык боюнча Вице-министри.

1999-2002 – жылдары Казакстандын Мамлекеттик киреше боюнча Вице-министри.

2003-жыл Павлодар шаарынын Акими.

2003-2008-жылдары Павлодар облусунун Акими.

2008-жыл Казакстандын финансы Вице-министри.

2008-2009 – жылдары Казакстандын Президентинин Администрация башчысынын орун басары.

2009-2011 – жылдары Казакстандын Мамлекеттик кызмат иштери боюнча агенттигинин төрагасы.

2012-2013 – жылдары Казакстандын Парламентинин Сенатынын Аппарат башчысы.

2013-2019 – жылдары Казакстандын Президентинин Казакстан Парламентиндеги Өкүлчүлүгүнүн башсынын кызматын аркалаган.

2019-жылдын 26-августунда Казакстандын Кыргызстандагы Атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалган.

«Курмет» (2005-ж.), «Парасат» (2014-ж.) ордендери жана башка бир нече медалдар менен сыйланган.

Үй-бүлөлүү, эки баланын атасы.

Created at : 6.10.2016, 18:50, Updated at : 9.09.2019, 18:50